Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ремонттон соң ачылды

Коом 1 октябрь 2025 11:15
1759234754_large.jpeg
557617389_1254629160046269_2118070647085586912_n.jpg
Алдыга
Артка
1759234754_large.jpeg
557617389_1254629160046269_2118070647085586912_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн тартып Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү толук оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, бул аймакта аялдамалар да тротуарлар менен кошо иретке келтирилет.

Аталган тилкеде, эки катмар жаңы асфальт төшөлдү, бордюрлар жана лотоктор жаңыртылып, жол сызыктары чийилди.

"Урматтуу айдоочулар, сиздерди жол эрежесин сактоого жана учурда болуп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.