Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Коом 24 июль 2025 18:15
1753328203.jpg
1753328183.jpg
1753328190.jpg
Алдыга
Артка
1753328203.jpg
1753328183.jpg
1753328190.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Лев Толстой көчөсүнүн Элебаев көчөсүнөн И. Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон соң унаа кыймылы үчүн ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштеринин алкагында көчөгө жаңы асфальт төшөлдү. Ошондой эле бордюрлар, ирригациялык система, жол белгилери жана светофорлор алмаштырылды. Кээ бир бөлүктөрдө көчө кеңейтилди. Тыгындарды азайтуу максатында айрым кесилиштердин алдында оңго бурулуш үчүн өзүнчө тилкелер каралган.

Учурда Панфилов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүктө оңдоо иштери уланууда. Ошондой эле Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына бурулуштан Манас проспектисине чейинки бөлүгү 2-сентябрга чейин кыймыл үчүн жабык болот. Бул жерде жылуулук түтүктөрү жаңыланууда.