Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши жабылат

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 09:35
744184748_2588205128302435_2455853176306695902_n.jpg

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. 20-июлдан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде убактылуу толугу менен жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кесилиште жаңы транспорттук түйүн жана көпүрөнү куруунун экинчи этабынын алкагында иштер жүрөт.

Эске салсак, долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси ачылган.