Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштери уланууда.
Райондук администрациядан билдиришкендей, учурда көп кабаттуу турак үйлөрдүн фасаддарын оңдоо жана жаңылоо, имараттарды сырдоо, кире бериштерин калыбына келтирүү, ошондой эле айланасын көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.
Оңдоо иштери төмөндөгү даректерде жүргүзүлүүдө:
- Чүй проспектисиндеги №170, 174, 178, 180, 182, 186, 194, 196, 257, 259, 261, 271, 273, 309, 311, 315;
- Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №21, 29, 35, 37, 39, 41, 43, 55, 57, 61, 61А, 67 жана 71;
- Манас проспектисиндеги №8, 10, 22, 26, 30, 34, 38 жана 40;
- Дэн Сяопин №2,
- Юлиус Фучик көчөсүндөгү №1А даректеринде жүргүзүлүүдө.
Учурда объектилердин даярдык деңгээли 35 пайыздан 70 пайызга чейин жетти. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.
“Жүргүзүлүп жаткан иштер борбор калаанын заманбап жана көрктүү архитектуралык көрүнүшүн калыптандырууга, ыңгайлуулугун жогорулатууга, ошондой эле эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган”, — деп айтылат маалыматта.