Ленин районундагы мектептерде милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Укук тартиби Загрузка... 17 Октябрь 2025 12:50
1044454882_0_200_1080_810_600x0.max-320x180.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Милициядан билдиришкендей, күчөтүлгөн чаралар окуучулар, мугалимдер жана ата-энелердин коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Милиция кызматкерлери мектептердин жанында күзөт иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти сактап, жарандардын ар кандай суроо-талаптарына ыкчам чара көрүүдө.

Ленин районунун бардык мектептери штаттык режимде иштеп жатат. Билим берүү мекемелеринде абал тынч, коомдук тартип бузуулар катталган жок.

Райондук ички иштер бөлүмү өзүнө бекитилген аймагында коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүнү улантууда.