Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд өттү

Коом 636 31 Январь 2025 14:05
475028284_1037190578456796_3281643274722669911_.original.jpg
1718978563_imgonline-com-ua-resize-bjdzm8ufkj.original.jpg
475780160_1042637827912071_4552402189714653958_n.jpg
475460945_1042637744578746_6144652489931075629_n.jpg
475793775_1042637777912076_3357775153990864730_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда мончо жана сауна тарабынан тыюу салынган буюмдарды өрттөө учурларын аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экологиялык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Рейддин алкагында 10дон ашык иштеп жаткан мончо жана сауналар текшерилип, таштандыларды жана башка калдыктарды өрттөгөн фактылар катталган эмес.

Белгилей кетсек, былтыр Ленин районунун муниципалдык инспекциясы тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы суммасы 795 миң 500 сомду түзгөн 73 экологиялык мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

"Урматтуу шаардыктар! Турмуш-тиричилик калдыктарын, өнөр жай же тыюу салынган буюмдардын башка түрлөрүн жагып, жылытуу үчүн колдонбоону суранабыз",-деп айтылат маалыматта.