Лейлектин алыскы Айкөл айылына 225 орундуу заманбап мектеп курулду

Аймак 13 Август 2025 17:28
532057161_1300043321489120_7492024973728776871_n.jpg
530879871_1300043314822454_1323987945683261918_n.jpg
532066620_1300043388155780_1751617786004894310_n.jpg
532192966_1300043411489111_2552747922725806675_n.jpg
532577054_1300043481489104_4761339093291810838_n.jpg
532951270_1300043324822453_3033234201335362265_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.08.25 /Кабар/. Лейлек районунун алыскы Айкөл айылына курулган Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин курулушу аяктады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 225 орундуу типтүү мектепте окуу үчүн толук шарттар түзүлүүдө.

Мектеп Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Курулушка жалпы 106 млн 252 миң сом каралган.

Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган мектептин окуучулары мындан 75 жыл мурда ашар жолу менен курулган мектепте билим алып келген.

Мектепт ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылып, жаңы мектептин курулушу башталган.