Лейлектин Ай-Көл айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Аймак Загрузка... 14 Февраль 2025 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда, тендердин баасы 70 млн сомду түзөт.

Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Эки кабаттуу окуу корпуста негизги класстардан тышкары, лаборатория, дарыгердин кабинети, окуу залы, актовый зал жана сырткы спорт аянтчасы каралган.

Имараттын жалпы аянты 1115 чарчы метрди түзөт. Учурда объекттин курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1970-жылы ашар жолу менен курулган.