Лейлекте жол кырсыгына кабылган жоокерге бүгүн операция жасалат

Аймак 08 Апрель 2026 11:30
666045298_1488824032611047_837605022938660928_n.jpg
668485815_1488823995944384_6995656848978770401_n.jpg
662634050_1488824065944377_5760566871530917438_n.jpg
665531607_1488823959277721_1624683119643906783_n.jpg
666109936_1488824089277708_2393938725376078863_n.jpg
Алдыга
Артка
666045298_1488824032611047_837605022938660928_n.jpg
668485815_1488823995944384_6995656848978770401_n.jpg
662634050_1488824065944377_5760566871530917438_n.jpg
665531607_1488823959277721_1624683119643906783_n.jpg
666109936_1488824089277708_2393938725376078863_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов унаа кырсыгынан жабыр тарткан жоокерден кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жоокердин ата-энеси менен жолугуп, баласына бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканын, муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн борборго жеткирилерин айтты. Ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынан атайын чакыртылган дарыгерлер менен сүйлөшүп, бүгүнкү операциянын ийгиликтүү өтөрүнө ишенимин билдирди. Жергиликтүү саламаттык сактоо тармагынын жетекчилерине бардык керектүү шарттарды түзүүнү тапшырды.

Учурда жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда, абалы оор деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 4-апрелинде Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмүнүн аткычы, катардагы жоокер, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаанын бортунан кулап кетип, кырсыкка учураган.

Жоокер Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылынын тургуну, ал 2025-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган. Учурда кызматтык териштирүү дайындалып, тийиштүү иштер алып барылууда.