Лейлекте 76 турак үйдүн курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 21 Август 2025 15:17
536282517_1306405477519571_7525455533772869805_n.jpg
535691236_1306405334186252_2269583893377287638_n.jpg
536275450_1306405517519567_5355724213964205074_n.jpg
536281114_1306405274186258_1529487858560635599_n.jpg
536281872_1306405250852927_8994587805742704139_n.jpg
536285346_1306405360852916_7003649430857372222_n.jpg
536287189_1306405480852904_8849201773160950439_n.jpg
537362969_1306405330852919_962634305073593360_n.jpg
537381864_1306405247519594_7842983070032002416_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Лейлекте чек арадан көчүрүлүп чыккандар үчүн 76 турак үйдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн облус башчысы Айбек Шаменов турак үйлөрдүн курулушунан кабар алды.

Учурда Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй курулууда. Мында 200гө жумушчу иштеп жатат.

Облус башчысы Айбек Шаменов, жергиликтүү жетекчилер менен куруучуларга алдыда күз-кыш мезгили келе жаткандыктан курулушту убагында бүткөрүү зарылдыгын белгилеп, сапатына өзгөчө маани берүүнү эскертти.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен облусунун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталган.

Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн жалпы 76 турак жай курулуп жатат. Бул үйлөргө Лейлек районунун Максат, Сада, Раззаков, Селкен айылдарынын жашоочулары жайгаштырылат.

Жалпы Лейлек жана Баткен району боюнча облуста 257 үй курулууда.