Лейлекте 3,3 га жер тилкеси имараттары менен мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 27 Июнь 2025 10:26
1343315.8798783b0656888d8977ba92f53c708a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Лейлек районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 3,3 га жер тилкеси имараттары менен биргеликте мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Жаңы-Жер айыл аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы автотрактордук ишканага таандык 3,3 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 55 млн сомдон ашык болгон жер тилке 4 имараты менен биргеликте мамлекетке кайтарылды.