Лейлек районунун жаңы акими эмгек жамаатына тааныштырылды

Аймак 15 Август 2025 15:00
532545301_1301406998019419_7630038039908046257_n.jpg
533149078_1301406924686093_6125588654616439058_n.jpg
Алдыга
Артка
532545301_1301406998019419_7630038039908046257_n.jpg
533149078_1301406924686093_6125588654616439058_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Лейлек районунун жаңы акими Асылбек Женишбек район активине тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жаңы акимди район активине президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Асылбек Жеңишбек 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал буга чейин;

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде;
  • Энергетика жана өнөр жай министрлигинде;
  • Энергетика министрлиги;
  • Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматында;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде эмгектенген.