Лейлек районунда жазгы талаа иштерине даярдык текшерилди

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын жазгы талаа иштерине даярдыгын текшерди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган ишкананын карамагында 34 даана насостук агрегат бар. 2025-жылдын даярдык планы боюнча 18 даана насостук агрегатты оңдоо каралып, ондоо иштери жүрүп жатат. Кулунду, МК-1, Дашрабад, Ак-Терек,Тешик,Төө-Жайлоо каналдарында тазалоо жумуштары аткарылып, суу берилүүдө.

Облус башчысынын орун басары Арка каскадына барып, ирригациялык маанилүү объекттин ишмердүүлүгүнөн да кабар алды.

Аны менен катар Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан эркин экономикалык аймагындагы 74 га жерге тамчылатып сугаруу системасы менен өздөштүрүлгөн бакты көрдү. Бакты сугаруу үчүн 2 даана суу кудук курулган. Натыйжада 30 миң даана көчөт отургузулган.

Абдирашит Ташбалтаев, жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сугат объекттерин дыкат көзөмөлдөө, сугат аянттарын кеңейтүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.