Лейлек районунда мечиттин курулушу башталды

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда мечиттин курулушу башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Катраң айылында эскилиги жеткен мечиттин ордуна жаңысы курулат. Мечит жергиликтүү тургундардын колдоосу менен ишке ашырылууда. Имарат 2000–2500 адамга ылайыкталган. Курулуш иштерин баштап берүү иш-чарасына муфтий Абдилазиз Закиров катышты.

Ошондой эле ал Интернационал айылында жаңыдан курулуп бүткөн мечиттин расмий ачылыш аземине катышты.

Аталган мечит жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен курулуп, пайдаланууга берилди.

Чек ара аймагында жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда муфтий бүгүнкү күндө дин тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, диний билим берүү жана коомдогу руханий баалуулуктар тууралуу айтып берди.