Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Себеби

Аймак 19 Февраль 2026 18:05
637844874_1223508489957895_1499694230820308900_n (1).jpg
635140639_1223508483291229_7366167815675127162_n.jpg
635170748_1223508403291237_7903545328206040121_n.jpg
636773374_1223508649957879_7967143188894410440_n.jpg
636917864_1223508476624563_8596485458819533614_n.jpg
637002856_1223508663291211_8277806922553189787_n.jpg
637354635_1223508739957870_4573637798269558492_n.jpg
637712342_1223508493291228_6057327961357738059_n.jpg
637713318_1223508443291233_1514971574532241158_n.jpg
637713318_1223508689957875_6375066223456252388_n.jpg
638320021_1223508799957864_4354950067747453880_n.jpg
639040027_1223508586624552_6593927437059108496_n.jpg
639230756_1223508819957862_1658247013656721941_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун 0-360-метрге чейинки аралыгы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа жол көпүрөнү кеңейтүү жана жолду модернизациялоо иштерине байланыштуу 15-февралдан 20-апрелге чейин жабылды.

Учурда көпүрөнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду демонтаждоо, эски асфальтты сүрүп тазалоо, электр жана байланыш линияларын коопсуз жерге жылдыруу жана жер жумуштары аткарылууда.

Белгилей кетсек, Лебединовка – ГЭС-5 автожолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.