Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Lazard эл аралык каржы компаниясы “Ала-Тоо Резорт” долбооруна консалтингдик кызмат көрсөтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Франциянын Lazard компаниясынын өкүлү Жиль Костерус “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов менен жолукканда билдиргенин аталган ишканадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди тартуу менен тоо-лыжа туризминин маанилүү борборуна айлана турган Борбор Азиядагы ири курорт жөнүндө кенен маалымат берилди.
Өз кезегинде Lazard компаниясынын башкы кеңешчиси, КМШ боюнча куратору Жиль Костерус долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу ордун кубануу менен белгиледи.
Ошондой эле тараптар үч этаптан турган долбоорду ишке ашырууда биргелешкен кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолушту.
Белгилей кетсек, Lazard эл аралык каржы компаниясы – инвестициялык банкинг, каржылык кеңеш берүү жана активдерди башкаруу боюнча алектенет. Компания ушул тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Дүйнөнүн 20дан ашык мамлекетинде кеңсеси бар.