Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун жаңы имараты ачылды

Коом 24 июль 2025 16:32
521916097_1137545018394498_5909221590852463614_n.jpg
522135948_1137545305061136_6400415745784299167_n.jpg
522164629_1137545168394483_358000679683588800_n.jpg
522980623_1137545248394475_8468979312881503749_n.jpg
523939162_1137545058394494_846135928772958124_n.jpg
524355587_1137545365061130_7653695970322737302_n.jpg
520190107_1137545265061140_4068514388958575487_n.jpg
520572846_1137545181727815_2999010330031269833_n.jpg
521617561_1137545105061156_8763246930146461005_n.jpg
521915568_1137545371727796_6163950929110286541_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун жаңы административдик имараты ачылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, ачылыш аземине министр Улан Ниязбеков катышты.

Ал өздүк курамга кайрылып, кызмат үчүн заманбап шарттарды түзүү жана бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүнө алдыңкы стандарттарды киргизүү министрликтин негизги милдеттеринин бири бойдон кала берээрин баса белгиледи.

"Бүгүн Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун өздүк курамына өзгөчө күн болуп турат. Биз замандын талабына ылайык курулган заманбап имаратты ачып, 16 жаңы кызматтык унааны бөлүмгө өткөрүп берип жатабыз. Материалдык-техникалык базаны жаңылоо иштин сапаттуу жаңы деңгээлин камсыздайт деп ишенем. Биздин милдетибиз -элге кызмат кылуу, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу", - деди ал.

Жаңы имарат 1959-жылы түптөлгөн эски имараттын ордуна курулду. Аянты 700 чарчы метр болгон заманбап эки кабаттуу объект 10 айдын ичинде курулду. Ал ыкчам административдик жана кызматтык ишмердүүлүктүн талаптарына толук жооп берет. Имаратта кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөнү жана корголуучу, анын ичинде өзгөчө маанилүү объекттердин коопсуздугун камсыз кылган "Санарип күзөт" тутуму киргизилген.

ИИМден белгилешкендей, 31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата дагы 40 жаңы объектини пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Алдыда министрлик эң жогорку талаптарына жооп берген 100 заманбап имарат куруу максатын көздөп жатат.