Күзүндө Астанада кыргыз продукцияларынын жарманкесин өткөрүү пландалууда

Коом 24 июнь 2025 17:00
510515445_122177088896341273_66129803668223035_n.jpg
502686878_122177088776341273_8242234358470296387_n.jpg
506795785_122177088950341273_3848532332145870645_n.jpg
510802189_122177088554341273_3490753649231437481_n.jpg
510859384_122177088830341273_2214205197864275474_n.jpg
511799339_122177088722341273_3477499301967945337_n.jpg
Алдыга
Артка
510515445_122177088896341273_66129803668223035_n.jpg
502686878_122177088776341273_8242234358470296387_n.jpg
506795785_122177088950341273_3848532332145870645_n.jpg
510802189_122177088554341273_3490753649231437481_n.jpg
510859384_122177088830341273_2214205197864275474_n.jpg
511799339_122177088722341273_3477499301967945337_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Казакстандын айыл чарба жаатындагы кызматташтыгы боюнча биргелешкен жумушчу тобунун II отуруму өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жыйын Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов жана Казакстандын айыл чарба вице-министри Баглан Бекбауовдун төрагалыгы астында өттү.

Отурумдун күн тартибинде төмөндөгүдөй үч негизги маселе каралды:

  • 2024-жылдын 3-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин II жыйынынын протоколунун аткарылышы;
  • 2024-2025-жылдарга карата айыл чарба продукцияларынын өз ара жеткирүүлөрүн көбөйтүү боюнча Жол картасынын ишке ашырылышы;
  • Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин 2025-жылдын 25-апрелинде Астана шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыктары.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар төмөндөгүдөй бир катар макулдашууларга жетишти:

  • 2025-жылдын күздүндө Астана шаарында кыргыз продукциясын жана улуттук бренддерди жайылтуу максатында жарманке өткөрүү;
  • "KazTrade" менен Кыргыз агрохолдингинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу;
  • айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүү боюнча практикалык иш-чаралардын планын бекитүү;
  • соодадагы тоскоолдуктарды алдын алуу механизмдерин талкуулоо жана тез бузулуучу айыл чарба продукциясы үчүн “жашыл коридорду” уюштуруу.

Отурум конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, эки тараптын айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон бекем эркин дагы бир ирет ырастап берди.