Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агробизнесмендерди (дыйкандарды) күздүк буудай эгүүгө чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу.
Эмне үчүн күздүк буудайды тандоо пайдалуу?
Биринчиден, күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20-30 пайызга чейин көбүрөөк түшүм берет. Жогорку түшүм — жогорку киреше. Сапаттуу данга суроо-талап дайыма жогору бойдон калат. Ошол эле учурда күзүндө себилген буудайдын вегетациясы жаздык буудайга эрте башталып, эрте бышат. Бул экинчи түшүм алуу же талааны эрте бошотуу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Экинчи түшүмдү алуу менен агробизнесмендин кирешеси артат.
Экинчиден, күзүндө топуракта жазга салыштырмалуу көбүрөөк ным болот. Бул фактор үрөндүн жакшы өсүп чыгышына жана тамырынын тереңден кармалышына өбөлгө түзөт. Аны менен бирге эгиндер күзгү жаан-чачынды жана жылуулукту пайдаланып, азыктандыруучу заттарды топтоого жетишет, бул алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары, күзүндө отоо чөптөр азыраак болуп, бул аларга каршы күрөштү жеңилдетет.
Үчүнчүдөн, күздүк себүү жаз айларындагы башка маанилүү иштерди өз убагында аткарууга шарт түзүп, айыл чарба жумуштарынын жүгүн азайтат.