Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААКтын гидроэлектр станцияларында күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында алты гидроагрегатта оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Энергетика министрлигинен блидиришкендей, учурда ГЭС-6нын №2, ГЭС-3түн №1 жана Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегаттарындагы оңдоо иштери аяктады. Ошондой эле Аламүдүн ГЭС-1де эки май өчүргүч заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды.
Иштер жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү камсыз кылууга багытталган.
Белгиленгендей, "Чакан ГЭС" ААК 10 гидроэлектр станциясын бириктирет. Алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 63,5 МВт түзөт.