Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдыкка көзөмөлдү күчөттү

Коом 135 18 Август 2026 13:20
IMG_1385.JPG.jpeg
IMG_1400.JPG.jpeg
IMG_1382.JPG.jpeg
IMG_1374.JPG.jpeg
IMG_1395.JPG.jpeg
IMG_1380.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1385.JPG.jpeg
IMG_1400.JPG.jpeg
IMG_1382.JPG.jpeg
IMG_1374.JPG.jpeg
IMG_1395.JPG.jpeg
IMG_1380.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүнө жана коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрликтин өкүлдөрү аймактарга чыгып, энергетикалык объектилердин даярдыгын, жабдуулардын техникалык абалын жана пландалган иштердин аткарылышын жеринде текшерүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө энергетикалык объектилердин техникалык абалы жана жогорулатылган жүктөм шарттарында иштөөгө даярдыгы бааланууда. Ошондой эле пландуу оңдоо жана алдын алуу иштеринин аткарылышы, керектүү тетиктердин, материалдардын жана жабдуулардын болушу, кампалардын абалы жана запастык бөлүктөргө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, кызматкерлердин саны, күз-кыш мезгилиндеги ишке даярдыгы жана авариялык топтордун өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даярдыгы көзөмөлдөнүүдө.

Текшерүүнүн негизги максаты - жабдуулардын иш жүзүндөгү жарактуулугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу. Бул чаралар күз-кыш мезгилинде энергетикалык объектилердин ишенимдүү болушуна, авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Жеринде болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтер каттоого алынат. Жооптуу жетекчилерге жана уюмдарга аларды жоюу боюнча так тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленүүдө. Берилген тапшырмалардын аткарылышы жана аныкталган кемчиликтерди жоюу иштери Энергетика министринин өз көзөмөлүндө турат.

Бекитилген графиктерден артта калуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Жооптуу уюмдар бардык зарыл иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүгө, анын ичинде оңдоо иштерин аяктоого, объектилерди керектүү материалдар, запастык бөлүктөр жана жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттүү.