Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Аба ырайынын суукташы менен балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйдү. Бишкектеги адистештирилген балдар консультациялык ооруканасынын директорунун орун басары Нургүл Сарыгулова "Биринчи радионун" эфиринде алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, балдардын организми инфекцияларга өзгөчө чыдамдуу. Сууктун биринчи белгиси көбүнчө мурундун агышы. Дарыланбаса 2-3 күндүн ичинде кулак калкасын жабыркатуучу ириңдүү отит же пневмония сыяктуу оорулар пайда болот.
Дарыгер ошондой эле үйдө биринчи жардам көрсөтүүчү аптечка болушу керектигин баса белгиледи.
"Кээ бир ата-энелерде термометр да жок. Алар баланын чекесине колун коюп температураны аныкташат. Бирок, мисалы, айрым жерде тери муздак бойдон калышы мүмкүн, ал эми дене табы иш жүзүндө 40°Сге чейин жетет", — деп түшүндүрдү Сарыгулова.
Оорунун алдын алуу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
— иммундук системаны чыңдоо: жай мезгилинен тарта витаминдерге бай, аш болумдуу тамактанууну камсыз кылуу;
— Аба ырайына жараша кийинтүү: балаңызды ашыкча муздатып же ысып жибербеңиз;
— Той сыяктуу коомдук иш-чараларга барууну чектөө;
— Эл көп чогулган жерлерде (мектепте, коомдук транспортто) беткап тагынуу;
— Гигиенаны жакшы сактоо: колуңузду самындап, бетиңизди жылуу суу менен бат-баттан жууп туруңуз;
— Суюктукту көп ичириңиз.
Сууктун алгачкы белгилеринде мурунду 1% туздуу эритме менен чайкоо, режимди сактоо жана сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.