Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда трансформация боло элек жерге үй куруп, бирок жер тилкесине документ ала албай жаткан жарандын маселесин комиссия менен карап чыгып, мыйзамдык тоскоолдуктар жок болсо, үйүн калтырып берүүнү тапшырды.
Жолугушууда Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну Алима Сулайманова 2018-жылы этникалык кыргыз катары Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин жер тилкесин алуу үчүн арыз жазганын, бирок ушул күнгө чейин жер тилкеси берилбегенин айтты.
Анын айтымында, ал өз каражатына үй куруп, бирок турак жайдын документтерин жол-жоболоштура албай келет. Үйү курулуп бүткөнүнө бир жыл болсо да, анда жашай албай, учурда ар кайсы адамдардын үйүндө жүргөнүн айтты.
Бул учурда жаран трансформация боло элек жерге үй куруп алганы маалым болду. Жергиликтүү бийликтин өкүлү жер мунапысынын алкагында мурда белгиленген мөөнөттөргө чейин курулган турак жайлар каралганын, ал эми андан кийинки үйлөргө мунапыс берүү маселеси өзүнчө каралып жатканын билдирди.
Анын айтымында, учурда президенттин тапшырмасы менен 2024-жылга чейин курулган үйлөр мамлекеттик комиссиянын кароосунан кийин кайрадан каралууда.
Президент Садыр Жапаров аталган жарандын маселесин комиссияга карап чыгууну тапшырып, эгер үй кызыл сызыкта, келечекте жол же мамлекеттик объект курула турган жерде жайгашпаса, турак жайды калтырып, тиешелүү иш-чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.