Кызыл-Кыянын тургундары ипотека аркылуу үй менен камсыз болору айтылды

Президент 12 октябрь 2026 15:15
Кызыл-Кыянын тургундары ипотека аркылуу үй менен камсыз болору айтылды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кызыл-Кыянын тургундары Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй менен камсыз болот. Мындай пикирин бүгүн, 12-октябрда президент Садыр Жапаров Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Шаардын турак жайга муктаж жарандарын үй менен камсыз кылуу маселесин Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу чечүүгө болот", - деди президент.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда.