Кызыл-Кыядагы асфальт-бетон заводу күнүнө 800 тонна асфальт өндүрөт

Экономика 18 июль 2025 14:52
WhatsApp Image 2025-07-18 at 14.08.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-18 at 14.08.39.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-18 at 14.08.38.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-18 at 14.08.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-18 at 14.08.39.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-18 at 14.08.38.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапар менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр Кызыл-Кыя шаарындагы асфальт-бетон заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

“Кызыл-Кыя АБЗ” заводу күнүнө 800 тонна асфальт өндүрүп, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ноокат жана Араван райондорун асфальт менен камсыздайт.