Кызыл-Кыяда жеке компаниянын мүлкү мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 22 Сентябрь 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Манас" ЖАКтын Кызыл-Кыя шаарындагы мүлк комплекси мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан "Манас" акционердик коомунун мүлк комплексин жана ага чектеш аймагын ("Ошдортрансстрой" трестинин мурдагы Кызыл-Кыя жол курулуш башкармалыгы) мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

"Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында "Манас" ЖАКтын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыз экендигин түшүнүп, протоколдук чечимдин негизинде өз ыктыяры менен Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына 2,98 га аянттагы жер участогу менен "Манас" АКтын мүлктүк комплексин өткөрүп берди.

УКМК социалдык инфраструктура объекттерин жана жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер участокторун аныктоо боюнча иштерди улантууда.