Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Кызматтык кылмыштарга байланыштуу сот иштеринин саны өсүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаары боюнча 27 кылмыш иштери боюнча 40 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыккан.
Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, расмий документтерди бурмалоо сыяктуу учурлар өлкөнүн укук системасында дагы деле актуалдуу экенин көрсөтүп турат.
2025-жылдын башында Кылмыш-жаза кодексине кызматтык кылмыштарга байланыштуу бир нече маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген. Алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүп, укук бузууларды алдын алуу максатында кабыл алынган. Жаңы ченемдер боюнча катуу жазалар каралган, анын ичинде мамлекеттик кызматтан өмүр бою четтетүү да бар.
Укук коргоо жана сот органдарынын маалыматы боюнча, 2025-жылы кызматтык кылмыштар боюнча иштерди кароо жана жазаларды колдонуу активдешти. Бирок бул жаатта алдын алуу жана коомчулуктун ишенимин арттыруу багытында иштер улантылып жатат.
"Бишкек шаарынын прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык органдарга эскертүү берип, коррупцияга каршы күрөш үзгүлтүксүз жүргүзүлбөсө жана кызматкерлер милдеттерин адилеттүү аткарбаса, мыйзам алдында жооп берерин эскертет. Коррупциялык көрүнүштөр жоюлбаса, кызматкерлер укук бузуулар үчүн жазаланат",-деп айтылат маалыматта.