Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. ИИМдин Академиясында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жол кыймылын жөнгө салуу боюнча практикалык сабактар өтүүдө.
Башкармалыктан билдиришкендей, машыгууларда кызматкерлер кол менен жол кыймылын жөнгө салуу, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр менен өз ара аракеттенүү, транспорт агымын башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүүдө.
"Иш-чаралар ири жана маанилүү иш-чаралар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун жана тартибин камсыз кылууга кызматкерлердин даярдыгын күчөтүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.