"Кызмат" мекемеси ЕККУ өкүлдөрүнө санариптик долбоорлорун тааныштырды

Коом 16 сентябрь 2025 23:00
547139507_1172979484860087_7210762303652501541_n (1).jpg
549287873_1172983218193047_6027973170924718081_n.jpg
547182504_1172979561526746_9142344413909398239_n.jpg
546454304_1172979524860083_3659695148480532703_n.jpg
549587334_1172979571526745_220237597152404726_n.jpg
547388827_1172979531526749_3187841011660834704_n.jpg
547496411_1172979478193421_6270387651197609133_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кызмат" мамлекеттик мекемеси

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. "Кызмат" мекемеси ЕККУ өкүлдөрүнө санариптик долбоорлорун тааныштырды. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин IT-блогунда ЕККУнун атайын өкүлү, төрагалык кылуучунун атайын элчиси Тери Хакала, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробарт, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышкан жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик онлайн-сервистерди өнүктүрүүгө жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган негизги санариптик долбоорлор көрсөтүлдү.

Тараптар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды илгерилетүү тармагында мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экенин белгилешти.