Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. 3-июль күнү Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен үч эм — үч кыз жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдап, наристелердин салмактары 2370, 2080 жана 2100 грамм болуп төрөлгөнүн, учурда алардын абалы канааттандырарлык экендигин белгилеген.
Учурда “Кабар” агенттиги төрөт үйүнө байланышып, үч эмдин жана алардын энесинин абалы тууралуу кошумча маалымат алды.
Перинаталдык борбордун оорулуу балдар бөлүмүнүн жетекчиси Арзыкан Жайнакова ымыркайлар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
"Үч эм кош бойлуулугу өтө эле татаал процесс. Көпчүлүк учурларда айына жетпей төрөлүшөт. Бул жолу да эненин кан басымы жогорулап кеткендиктен, тез арада кесарево жолу менен төрөт жүргүзүлдү. Наристелер төрөлгөндөн кийин реанимацияга киргизилип, андан кийин биздин бөлүмгө которулду. Алар төрөлөрү менен эле өз алдынча дем алып башташты. Азыр абалдары туруктуу, апасы өзү эмизип жатат. Балдарды карашууга жакындары жана медициналык кызматкерлер жардам берүүдө", — деди бөлүм башчы.
Наристелердин апасы — 22 жаштагы К.М. учурда жолдошу жана улуу баласы менен Бишкек шаарында жашап келет. Ал үч эмге Аделина, Адеми жана Аделя деген ысымдарды ыйгарышканын белгиледи.
“Кыздар вакуумдан чыгышты, үчөө тең активдүү жана кыймылдуу. Эки кызыбыз бир тондо жаткандыктан бири-бирине абдан окшош. Үчүнчүсү бир аз айырмаланып тургансыйт. Азыр жанымда апам жардам берип жатат. Кыздардын кыркы чыкканга чейин жанымда каралашат”, — деди ал.
Үч эмдин энесинин айтымында, алар учурда батирде жашашат.
“Өз үйүбүз жок, батирде жашайбыз. Жолдошум курулуш тармагында эмгектенет. Азырынча балдарды өзүм эмизип жатам. Алдыда кандай болот, көрө жатабыз”, — деди ал.
Мындан сырткары, ал үч эмдүү болуу — алардын үй-бүлөсү үчүн күтүүсүз болгонун белгиледи.
“Бул кош бойлуулукту пландаган эмес элек. Бул биз үчүн күтүүсүз белек болду. Башында УДИге барганыбызда эгиз деп айтышкан. 11 жумадан кийин үч эм экенин угуп, шок абалында калдым. Эми минтип кубанычка бөлөнүп отурабыз, — деди жаш эне.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөдө 2023-жылы 14, ал эми 2024-жылы 21 үч эм төрөлгөн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, эгерде үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала жарык дүйнөгө келсе, ар бир ымыркайга “балага сүйүнчү” катары 50 миң сомдон бир жолку төлөм каралган. Үч эм төрөлгөн учурда үй-бүлө жалпысынан 150 миң сом өлчөмүндө “сүйүнчү” төлөмүн ала алат.