Кызамык, көк жөтөл: Жугуштуу ооруларга каршы иммунитетти изилдөө башталды

Ден соолук
Кызамык, көк жөтөл: Жугуштуу ооруларга каршы иммунитетти изилдөө башталды
copyright icon WWW

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда калктын инфекцияларга каршы иммунитетин изилдөөнүн жаңы этабы башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, изилдөө 2026–2028-жылдарга карата эл аралык программанын алкагында Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту (Роспотребнадзор) менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Изилдөөнүн жүрүшүндө кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме жана суу чечек ооруларына каршы калктын иммунитетинин деңгээлин баалоо, ошондой эле айрым зооноздук жана табигый очоктуу инфекциялардын таралышын изилдөө пландалууда.

Изилдөөнүн мурунку этабына (2023–2025-жылдар) Кыргызстанда 6 617 ыктыярчы катышкан. Алынган жыйынтыктар иммунитетинин деңгээли жетишсиз болгон калктын топторун аныктоого жана жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын өркүндөтүүнүн багыттарын белгилөөгө жардам берген.

Изилдөө тууралуу кененирек маалымат алып, катышуу шарттары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот:https://vezca.pasteurorg.ru/all_antitela.php?reg_id=102