"Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл" форумуна 4 миңге жакын жаштар чогулду

Аймак 1181 20 Октябрь 2025 16:14
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.13 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.13 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-20 at 15.40.12.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Каракол, 20.10.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өлкөнүн жаштар саясатынын эң ири регионалдык иш-чарасы "Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл" жаштар форумунун экинчи бөлүгү башталды.

Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүүдө. Ага 4 миңге жакын активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын ар кайсы тармактарында ийгиликке жетишкен белгилүү адамдар чыгып сүйлөп, жаштарга шыктандыруучу баяндамаларды жасап, кесиптик жана жеке өнүгүү боюнча баалуу кеңештерин беришти.

Иш-чара концерттик программа менен уланууда.

Белгилей кетсек, форумдун максаты — региондун активдүү жаштарын бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштар менен бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдардын түз диалогун камсыз кылуу.