Кытайда Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн медиа-семинар өтүүдө

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Чанша, 09.07.25. /Кабар/. Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш журналисттери үчүн медиа-семинар башталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти жеринен билдирди.

Семинарга Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандан семинарга бир катар медиа өкүлдөрү барган, алардын катарында Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин журналисти Диана Айдарова дагы бар.

Тренинг медиа тармагындагы кесиптик тажрыйбаны арттырууга, аймактагы медиа чөйрөдө кызматташууга жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

Семинардын алкагында катышуучулар Кытайдын 70 жылдагы жетишкендиктери, реформалар жана ачыктык тажрыйбасы, жакырчылык менен күрөшүү, Хунань провинциясында маданий индустрияны жана жаңы медианы өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле салттуу жана санариптик медианы интеграциялоо жаатындагы инновациялар менен таанышат.

Программа Red Net компаниялар тобу, Hunan Daily басма үйү жана Сиань телерадиокомпаниясы сыяктуу алдыңкы медиа уюмдарына барууну камтыйт. Бул практикалык тажрыйба алмашууну жана кесиптик горизонтторду кеңейтүүнү камсыз кылат.

Семинар 28-июлда аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган семинар Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган.