Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Кытайдын адам сымал роботторду жасаган стартаптары жөн гана көргөзмө уюштуруудан, аларды заводдорго жана дүкөндөргө реалдуу ишке киргизүүгө өттү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги China Daily басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Кытай бийлиги өлкөдө иштеп чыгаруу өнөр жайы, логистика, соода жана саламаттыкты сактоо тармактарына роботторду киргизүүнү тездетүү боюнча улуттук демилгени баштаган.
Реформанын негизги максаты 2026-жылдын акырына чейин өндүрүшкө 10 миңден ашык адам сымал роботторду массалык түрдө киргизүү жана роботторду өлкөнүн өнөр жайлык өсүшүнүн жаңы башкы тирөөчүнө айландыруу болуп саналат.
Учурда Пекиндеги Robotera компаниясынын роботтору China Post жана SF Holding логистикалык борборлоруна ишке киргизилди. Алар саатына 1200 таңгакты иргеп, иштөө ылдамдыгы боюнча адамга жакындап калды. Алар кутудан буюм түшүп кетсе, аны дароо байкап, кайра иретке келтире алышат.
Дагы бир Galbot стартабы Бээжин шаарында толугу менен автономдуу иштеген соода капсулаларын ачып, белгилүү FamilyMart дүкөндөрүнө робот-сатуучуларды жайгаштырды.
Эксперттердин айтымында, негизги жетишкендик роботтордун жөн гана басканында эмес. Алар жасалма интеллекттин жардамы менен адамдардын күнүмдүк жумуштарындагы татаал, күтүүсүз өзгөрүүлөргө өздөрү көнүп, көз карандысыз иштей алгандыгында болууда.