Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: Сузактагы инженердик тоскоолдуктар жоюлат

Аймак 990 20 Февраль 2026 09:15
636126465_2017199929147261_5039599612073928346_n.jpg
636721558_2017205262480061_4443554418871476309_n.jpg
636833457_2017200212480566_1122990042489475332_n.jpg
637699618_2017205172480070_9170695515715348074_n.jpg
637877861_2017205295813391_4642091346498680449_n.jpg
639042406_2017205275813393_8219927784278777746_n.jpg
639690110_2017205245813396_7516073489392688126_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Күн мурун Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун аймагындагы инженердик тармактарга байланышкан маселелер каралды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мында жалпы 31 объект темир жол линиясынын тилкесине туура келет. Анын ичинен 11и ичүүчү суу түтүктөрү, калганы саркынды жана сугат суу каналдары болуп саналат.

Мындан тышкары, жыйында Түштүк Жалал-Абад темир жол станциясын жайгаштыруу схемасы талкууланды. Ага байланыштуу аймакка кирип калган айрым жер тилкелерин коргоо зонасынан чыгаруу, ошондой эле сугат жер тилкелерин алмаштыруу маселелери каралды.

Талкууга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу" биргелешкен ишканасынын өкүлдөрү, таза суу жана суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында темир жол курулушуна байланыштуу жаралган тоскоолдуктарды ыкчам жоюу, тиешелүү документтерди тактоо жана мыйзам талаптарына ылайык чечимдерди кабыл алуу боюнча жооптуу мекемелерге тапшырмалар берилди.