Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Күн мурун Социалдык фонддо Кытайдын Шанхай муниципалдык администрациясынын Социалдык камсыздандыруу борборунун делегациясы менен жолугушуу өттү.
Мекемеден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар пенсиялык системаны санариптештирүү, пенсия чектөө жана төлөөдө заманбап технологияларды киргизүү, жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты жана санариптик чечимдер чөйрөсүндө тажрыйба алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар пенсиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана санариптик сервистерди өнүктүрүү үчүн кызматташууну жана тажрыйба алмашууну улантууга даяр экендигин билдиришти.