Кытайлык өнөктөштөргө Кыргызстанга ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын куруу сунушталды

Экономика 29 октябрь 2025 10:35
1.jpg
2.jpg
572074480_814623834495927_5255222094773611838_n.jpg
572139324_814626407829003_7891282841163564575_n.jpg
572165005_814625424495768_7500295645640654203_n.jpg
572768307_814624577829186_8502703581120421595_n.jpg
572814305_814626041162373_3109709238657907463_n.jpg
572923334_814624757829168_3081586643609023465_n.jpg
573297197_814624664495844_3936879268903569668_n.jpg
573351660_814625727829071_4863561603162297225_n.jpg
573391799_814624774495833_4192662027866538180_n.jpg
573480564_814623431162634_941563596515823456_n.jpg
573599233_814623957829248_2842357721103081662_n.jpg
573916705_814624254495885_6834174807161278102_n.jpg
574269788_814623734495937_9113408907828058627_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. 21-27-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга болгон иш сапарнын алкагында Сучжоу шаарында "10-Эл аралык жашыл энергетикалык" форумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган форумдун алкагында министр Ибраев сөз сүйлөп, электр энергиясына болгон муктаждыктын жылдан жылга өсүшү, энергетика экономиканын өнүгүшүнүн негизги булагы, Кыргызстандын электр энергиясынын потенциялы, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы тууралуу айтып өттү.

"Кыргыз энергетикасы бүгүнкү күндө Борбор Азия регионундагы жашыл энергетиканын флагманы болуп саналарын белгилеп кетким келет. Республика ири дарыялардын башатында жайгашкан. Таза энергиянын 90 пайызга жакыны ири ГЭСтерде өндүрүлөт. Жашыл технологияларга өтүүнү камсыз кылуу максатында акыркы эки жылдан бери Республикада жашыл генерацияны ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Кытайлык өнөктөштөр 1100 МВт күн электр станцияларын жана 300 МВт шамал станциясын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Кытайлык компаниялар иштеп жаткан ГЭСтерди, анын ичинде Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууда көп жылдык тажрыйбасы бар. Алардын арасында дүйнөгө таанымал Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн (China Road and Bridge Corporation), TBEA, Донг Фан (Dongfang Electric) и СНЕК (CNEEC) сыяктуу ири компаниялар бар. Биз эл аралык өнөктөштөрдү, донорлорду жана каржы институттарын биздин өлкөдө жашыл энергетика долбоорлорун биргелешип ишке ашырууда биз менен өнөктөш болууга чакырабыз",-деди министр.

Мындан тышкары, Кытайдын Улуттук энергетикалык башкармалыгынын башкы директору Ван Хунчжи, Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын башкы экономисти Лу Цзюньлин жана "Эл аралык энергиянын кайра жарлуучу булактары" агеттигинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын энергетика министри Ибраев баштаган энергетикалык компанияларынын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Анда тараптар эки өлкөнүн энергетика жана көмүр тармагында кызматташуусун тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга инвесторлорду чакыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Анда министр Ибраев 500 кВ "Кемин-Торугат", 200 кВ "Барскоон-Бедел" электр линияларын куруу, Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү тармагында долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу сунуштарын киргизди. Аны менен катар кыргызстандык энергетиктерди окутуу маселелери каралды.

Жыйынтыгында Кытайдын энергетика министри Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин жана алдыдагы көтөрүлгөн долбоорлорду кытайлык жеке компаниялар менен биргеликте ишке ашырууда колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Жолугушуудан кийин министрлер энергетикалык форумда уюштурулган көргөзмө менен таанышты.