Кытайлык компания Кыргызстанда мопед жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар

Коом 16 апрель 2025 16:51
491419049_18380195836186715_619022242940687340_n.jpg
490077427_18380195791186715_332166578804067939_n.jpg
490641337_18380195839186715_112263366275714356_n.jpg
491414858_18380195821186715_3587486531283688930_n.jpg
491414893_18380195782186715_5060224076139866247_n.jpg
491415064_18380195809186715_8253240373788748181_n.jpg
491418460_18380195812186715_614726721248541366_n.jpg
491495561_18380195848186715_8259948136141538718_n.jpg
491502779_18380195857186715_3353676225066472288_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Кытайлык компания Кыргызстанда мопед жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар. Бул туралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган маселе Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин Кытайдын Цзянсу провинциясынын Сюйчжоу шаарында жайгашкан Huaihai Holding Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланып, компаниянын жетекчилиги Кыргызстанда мопеддерди жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Huaihai Holding Group — Кытайдагы эң ири жеңил транспорт каражаттарын чыгаруучу компаниялардын бири болуп саналат. Компания дүйнөлүк рынокто 40 жылдан ашуун убакыттан бери иш алып барып келет. Бул долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.