Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кытайлык медицина адистери Кыргызстанда атайын медициналык учактарда акысыз операцияларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызстан аэропорттору" ААКта жарандык авиация техникасын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири болгон Кытайдын COMAC (Commercial Aircraft Corporation of China) корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, авиациялык инфратүзүмдү өнүктүрүүнү, ошондой эле Кыргызстандын авиация тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн COMAC өндүрүшүндөгү заманбап аба кемелерин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
"Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын 10–11-күндөрү Кыргызстанга Кытай тараптын адистештирилген медициналык аба кемесинин келиши күтүлүүдө. Аталган аба кемесинин базасында кытайлык алдыңкы медицина адистери Кыргыз Республикасынын жарандарына офтальмология багыты боюнча жогорку технологиялык операцияларды акысыз жүргүзүшөт.
Мындан тышкары, кытайлык делегация 2026-жылдын 24-сентябрында "Каракол" эл аралык аэропортунда өтө турган авиациялык фестивалга катышууга чакырылды. Гуманитардык миссия аяктагандан кийин фестивалдын иш-чараларына медициналык аба кемелеринин дагы катышуусу күтүлүүдө",-деп жазган Самидинов.