Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында өзүнүн таасири боюнча Кумтөр кенин өздөштүрүү менен салыштырууга мүмкүн болгон масштабдуу жана стратегиялык маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтокуновго берген маегинде айтып, келечектеги магистралды Улуу Жибек жолунун заманбап форматтагы жанданышы катары мүнөздөдү.

Экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине берген маегинде өнүккөн темир жол тармагынын болушу улуттук экономиканын тез өсүшү үчүн негизги шарттардын бири экенин белгиледи.
“Темир жол инфраструктурасы экономиканы өнүктүрүүнүн кубаттуу драйвери катары каралат. Швейцария жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, темир жол каттамдарын өз убагында ишке киргизүү жана анын масштабын кеңейтүү мамлекеттердин экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөргө айланышына негиз болгон”, — деди эксперт.
Шаршеев ошондой эле Кыргызстанда түз темир жол байланышынын жоктугу ондогон жылдар бою ата мекендик экспорттоочулардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, товарларды ташуу жана жеткирүү чынжырларындагы чыгымдардын кымбатташына алып келгенин белгиледи.

“Азыркы учурда автоунаа транспортун колдонуу продукциянын өздүк наркынын жогорулашына алып келүүдө. Темир жол аркылуу жүк ташуу автомобиль транспортуна салыштырмалуу 14–15 эсе арзан. Ал деңиз транспорту менен ташууга салыштырмалуу гана кымбатырак болуп, автоунаа жана аба транспортуна караганда кыйла үнөмдүү. Ушуга байланыштуу темир жол инфраструктурасын кеңейтүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат”, — деп эсептейт Шаршеев.
Эксперттин баамында, жаңы темир жол магистралынын ишке кириши транспорттук чыгымдарды гана оптималдаштырбастан, аймактагы логистикалык картаны түп-тамырынан өзгөртүүгө жана өлкөнүн бюджетине түз жана кыйыр түрдө олуттуу киреше түшүрүүгө шарт түзөт.
“Бул темир жол негизги континенталдык жүк агымдарын Кыргызстан аркылуу багыттап, өлкө бюджетине 2 млрд долларга чейин киреше алып келиши мүмкүн. Станциялардан жана логистикадан түз киреше 100-400 млн долларды түзөт, ал эми кыйыр эффект 2-3 млрд долларга жетет”, — деп белгиледи экономист.

Узак мөөнөттүү геоэкономикалык таасир тууралуу сөз кылып жатып, аналитик өлкө ичиндеги темир жол инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүнүн жана Кыргызстандын негизги аймактарын өз ара байланыштыруунун стратегиялык маанисине токтолду.
“Келечекте Бедел ашуусу аркылуу темир жол тилкесин куруу, Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол шакегин түзүү жана өлкөнүн бардык облустарын, анын ичинде Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарын бирдиктүү темир жол тармагына туташтыруу бюджетке олуттуу экономикалык натыйжа алып келет. Жүк ташуулардын көлөмү 300–400 пайызга өсүшү мүмкүн. Бул транзиттен бюджетке олуттуу киреше түшүрүп, экспорттук товарлар үчүн чийки заттын жана логистиканын өздүк наркын төмөндөтөт, ошондой эле туризмдин өнүгүшүнө түрткү берет”, — деп белгиледи ал.
Эксперттин айтымында, өлкөнүн транспорттук туюк абалдан чыгышы экономиканын сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт.
“Темир жолдордун жана транспорттук түйүндөрдүн жоктугу бизди логистикалык жактан өтө кымбат болгон туюк абалга кептеп жатат. Темир жол каттамдарын өнүктүрүү обочолонуудан чыгып, экономикалык өсүштү баштоо үчүн биринчи жана негизги шарт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Искендер Шаршеев.