Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келди — Кабар

Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келди

Саясат 19 ноябрь 2025 15:15
30a21d5c-afa9-3a44-84b7-648f7a5322ee.jpg
df9578fc-ac10-36f4-9d81-9b487183d4cc.jpeg
7fa9d7ce-3fa0-3770-8d64-6d20e93c50d7.jpeg
d0216b67-359b-3656-a866-e85eb6a95700.jpeg
c497c3db-35ec-3250-965a-358d923b95da.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Кытайдын тышкы иштер министри, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.