Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 18 Ноябрь 2025 15:06
wr-960.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. 19-20-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри - Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И расмий визит менен Кыргызстанга келет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, визиттин жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, КР тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун I жыйынын өткөрүү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландалууда.

Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.