Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май ташуу тездейт

Министрлер кабинети 145 18 Август 2026 16:10
6a840c9525370.jpeg
6a840c764e74b.jpeg
6a840c706886f.jpeg
6a840c6710a91.jpeg
6a840c500bf54 (1).jpeg
6a840c500bf54.jpeg
6a840ba906bbd.jpeg
6a840b96c2635.jpeg
6a840b89f1297.jpeg
6a840b7962646.jpeg
6a840af7eb393.jpeg
Алдыга
Артка
6a840c9525370.jpeg
6a840c764e74b.jpeg
6a840c706886f.jpeg
6a840c6710a91.jpeg
6a840c500bf54 (1).jpeg
6a840c500bf54.jpeg
6a840ba906bbd.jpeg
6a840b96c2635.jpeg
6a840b89f1297.jpeg
6a840b7962646.jpeg
6a840af7eb393.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, КЭР СУАР Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолукту. 

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун ыргагы ийгиликтүү жүрүп жатканы белгиленди. Жетишкендиктер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин саясий эркинин жана жеке колдоосунун аркасында Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун, Барскоон – Бедел – Үчтурфан – Аксу унаа жолунун курулушу, “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышы, Бишкек жана Ош шаарларын Үрүмчү жана Кашкар шаарлары менен байланыштырган түз аба каттамдарынын иштөөсү сыяктуу ири долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жатканы айтылды. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон бул жолку жумуш сапарынын негизги максаты — эки өлкөнүн мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү тездетүү экенин белгиледи. 

“Мени менен бирге Кыргызстандын мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ишкерлер келишти. Алардын айрымдары кытайлык компаниялар менен кызматташууну буга чейин эле башташкан. Кечээ эки өлкөнүн мамлекеттик органдары Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу жана башка тиешелүү маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрүштү. Биздин бир катар компанияларыбыз авиакеросин жана дизелдик отунду жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Күйүүчү майдын алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди. Буга байланыштуу, бул маселеде көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет”, — деди Эрлист Акунбеков. 

Мындан тышкары, Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо жана өздөштүрүү, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек ара өткөрүү пункттарында сактоо жана транзиттик-которуп жүктөө инфраструктурасын түзүү маселелерин карап чыгуу пландары сүйлөшүлдү.

Өз кезегинде КЭР СУАР Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, КЭРдин СУАР аймагы аркылуу Кыргызстан менен өзгөчө өз ара соода жүргүзүүнү, ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттары боюнча активдүү иш алып барууга кытай тарап кызыкдар экенин кошумчалады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, нефть рыногундагы эл аралык кырдаалды жана Кыргызстанды мунай продуктылары менен туруктуу камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.

Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун бул жолку иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн бир катар жумушчу жолугушууларда каралган маселелерди камтыган эки тараптуу документтердин жыйынтыгы боюнча дээрлик 10 күндөн кийин Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жана Кытай төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюуга жетишүү зарылдыгы белгиленди.