Кытайда жүздөгөн авиакаттамдар Dolphin тайфунунан улам токтотулду

Дүйнө 18 10 Август 2026 09:00
56093415-95a1-43c8-8cc4-1274360e60c9.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Dolphin тайфуну Кытайдын жээгиндеги Чжэцзян провинциясына катуу шамал алып келип, Кытайдын чыгышындагы аба каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.

Шанхайдын эки негизги аэропортунда күнүмдүк каттамдардын 80%дан ашыгы - жалпысынан 2900дөн ашыгы токтотулду.

Кытайлык VariFlight кызматынын маалыматы боюнча, Ханчжоу-Сяошань эл аралык аэропорту күн мурун 500дөн ашык каттамды жана бүгүнкүгө белгиленген 180ден ашык каттамды токтотту.

Кечээ Чжэцзян провинциясындагы бир нече аэропорттор, анын ичинде Нинбо Лише жана Вэньчжоу Лунвань аэропортторунда бир да каттам учкан да, конгон да эмес.

Учурдагы божомолдорго ылайык, жекшембиден шаршембиге чейин тайфун 44 аэропортко таасир этет.

VariFlight маалыматы боюнча, Нанкин, Хэфэй жана Ухань аэропорттору да бүгүндөн баштап жабылат.