Кытайда өтүп жаткан дүйнөлүк оюндарда кыргыз самбочулары коло медаль жеңди

Спорт 14 Август 2025 09:06
532413586_778959294477290_5102788895032917013_n.jpg
531630285_778959334477286_258201486327411124_n.jpg
Алдыга
Артка
532413586_778959294477290_5102788895032917013_n.jpg
531630285_778959334477286_258201486327411124_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 14.08.25 /Кабар/. Кытайдын Ченду шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнөлүк оюндарда кыргыз самбочулары коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, оюндар 13-14-август күндөрү өтүүдө.

Эки күнгө созулган мелдеште эркектер жана кыз-келиндер арасында жекече таймаштарда, ошондой эле командалык эсепте да медалдар ойнотулат.

Биринчи күнү кыргызстандык спортчулар Курманбек Замирбек уулу 71 кг, Бектен Эркебай уулу 88 кг салмак ченинде дүйнөлүк оюндардын биринчи күнүнүн жыйынтыгы менен коло медалга ээ болду.

Дүйнөлүк оюндар бүгүн дагы уланат.