Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев 19-20-майда Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүгүү боюнча II форумуна катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын алкагында форумдун катышуучулары Янлин үрөн инновациялык борборуна, "Акылдуу айыл чарба" демонстрациялык паркына, кургакчыл аймактар үчүн суу үнөмдөө технологиялары жана жабдууларынын көргөзмөсүнө, Ваншант айылына жана Вужуань шаарчасына барышты.
Форумда Жаныбек Керималиев баяндама жасап, Кыргызстандын жакырчылык менен күрөшүү боюнча улуттук тажрыйбасы, айыл аймактарды өнүктүрүү чаралары жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы азык-түлүк коопсуздугу менен туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча сунуштары менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин, диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ШКУнун коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин жетекчилери, Шэньси провинциясынын расмий өкүлдөрү, академиялык чөйрөнүн эксперттери, ошондой эле Молдова, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Иран, Беларусь, Молдова жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.