Кытайда өтө турган ШКУ саммитине 20дан ашык чет элдик лидерлер катышат

Саясат Загрузка... 22 Август 2025 15:20
WhatsApp Image 2025-08-22 at 14.48.34 (2).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине 20дан ашык чет элдик лидерлер катышат. Бул тууралуу Синьхуа агенттигинин маалыматына таянып Известия жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Лю Бинь кытайлык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 20дан ашык чет элдик лидерлер жана 10 эл аралык уюмдун жетекчилери менен Хайхэ дарыясынын жээгинде чогула турганын билдирген.

Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Монголия, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Мальдив аралдары, Непал, Түркия, Египет, Түркмөнстан, Индонезия, Лаос, Малайзия жана Вьетнамдын мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Бул ШКУнун бүткүл тарыхындагы эң ири жыйын болору, ошондой эле уюмдун Кытайдагы бешинчи саммити өтөрү белгиленди.

Си Цзиньпин ошондой эле уюмга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугуп, эки тараптуу иш-чараларды өткөрөрү мерчемделүүдө.