Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кытайдагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны А.А. кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул дипломатиялык каналдар аркылуу эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын активдүү жана тыгыз кызматташуусунун натыйжасы мүмкүн болду.
Соттолгон жаранды өткөрүп берүү 2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин алкагында ишке ашырылды.
Кыргызстандын жаранын өткөрүп берүү процедурасына Кытайдын Ганьсу провинциясынын түрмөлөрдү башкаруу башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук кызмат адамы катышты.
Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет мамлекеттердеги мекемелери менен бирдикте Башкы прокуратурага чет өлкөлөрдө соттолгон жарандарга жазасын андан ары өтөө үчүн мекенине которуу маселелеринде көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантат.