Кытайда никеге тургандардын саны өстү

Дүйнө Загрузка... 25 Май 2026 08:50
3e5348a7-b850-4e33-b556-fe8175dee1bf.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кытайда никеге тургандардын саны өстү. Бул тууралуу Синьхуага шилтеме берип Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, 2025-жылы Кытайда 6,76 миллион нике катталган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 657 миңге көп. Адистер бул өсүштү каттоо процедураларынын жөнөкөйлөштүрүлүшү жана жаңы үйлөнгөндөр үчүн тиешелүү кызматтардын кеңейтилиши менен байланыштырышат.

Жаңы киргизилген өзгөрүүлөрдүн бири — никени расмий жашаган жери боюнча эмес, өлкөнүн каалаган аймагында каттоо мүмкүнчүлүгү болду. Бул эреже өзгөчө башка аймактарда иштеп жүргөн жарандар үчүн маанилүү шарттарды түздү.

Жаңы эрежелер өткөн жылдын май айында күчүнө киргенден бери Сичен районунда дээрлик 27 миң нике катталган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 24,7%га көп. Мындан сырткары, өлкө боюнча 525 паркта жана 1330 көчөдө атайын каттоо пункттары ачылган.