Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Эми Кыргызстандан Кытайга төө буурчак, канаттуулардын этин жана жүндү экспорттоо жеңилдейт. Анткени президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда 3 документке кол коюлду. Алар бажы контролун күчөтүүгө, төө буурчак (фасоль), канаттуулардын этин, субпродуктуларды, жүндүн жана кашемирдин экспорттук процедураларын жеңилдетүүгө багытталган.
"Кабар" агенттигине экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева кыргыз ишкерлеринин Кытай рыногуна кирүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу өз пикири менен бөлүштү.

Гүлназ Супаеванын айтымында, 2024-жылы Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 22 миллиард 710,5 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырганда 2 миллиард 906,9 миллион долларга көп.
“Былтыркы жылдагы соода жүгүртүүнү карасак, 19 миллиард 906,2 миллион долларды Кытайдын, 2 миллиард 804,3 миллион долларды Кыргызстандын экспорту түзгөн. Башкача айтканда, 2 өлкө ортосундагы экспорттук мамилелери өтө келечектүү багыт десек жанылышпайбыз”, - деди ал.

Ошондой эле серепчи Кытай АКШдан кийин эле дүйнөдөгү экинчи ири керектөө рыногу болуп саналгандыктан, импорттук продукцияларды алууга да кызыкдар деген ойдо.
“Эки өлкөнүн күн мурун кол коюлган протоколдору төө буурчак, канаттуулардын этин, жүн жана кашемир сыяктуу товарларды экспорттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле соода алакаларынын шарттарын жана соода операцияларынын айкындуулугун жакшыртууга багытталган бир катар чараларды карайт. Кытайга айыл чарба азыктарын импорттоо Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын аймактык органдары тарабынан жөнгө салынат. Демек, кыргыз компаниялары жана ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бирге, Кытайга экспорттолчу продукциянын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган документтерге жана сертификаттарга талаптар каралат”, - дейт Супаева.

Экономисттин баамында, учурда органикалык продукцияны өндүрүүнүн келечеги чоң. Экологиялык жактан таза продукцияга суроо-талап Кыргызстандын ички рыногунда, чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кытайда да өсүүдө.
“Бирок мындай продукциянын баасы кымбат болгондуктан, өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка туруштук берүүсү кыйынчылыктарды жаратып келет. Ошондуктан жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо чаралары абдан керек. Мисалы, продукцияны сертификациялоодо мамлекет тарабынан бир катар колдоо чаралары көрүлүүгө тийиш. Кыргызстандын органикалык продукциясынын чоң экспорттук потенциалы бар, ошондуктан Кытайдын рыногуна чыгуу үчүн дыйкан-фермерлерге жардам берүү зарыл”, - деди Гүлназ Супаева.